Жогорку Кеңеште жаңы келген депутаттар ант беришти

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айгерим Бешимбаева (Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясы) менен Саматбек Ибраев (“КСДП” парламенттик фракциясы) ант беришти.

Белгилей кетсек, Айгерим Бешимбаева депутат Аида Исмаилованын, ал эми Саматбек Ибраев Осмонбек Артыкбаевдин ордуна келди.