Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат, президенттин сөз сүйлөшү күтүлүүдө

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-майында саат 10:00дө Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазгандай, кезексиз жыйынга президент Садыр Жапаров катышат.