Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Мындай чечим Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда кабыл алынды.
“Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 10-январындагы чечими менен Акбөкөн Таштанбековго карата камакка алуу түрундөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын 6-декабрында КР БШК А.Таштанбековду КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.