Бишкек, 26-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация расмий иш сапар менен Чех Республикасына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
25-майдан 27-майга чейин улана турган иш сапарда Төрага Чыныбай Турсунбеков Чех Республикасынын Сенатынын Төрагасы Милан Штех, Парламенттик депутаттар Палатасынын Төрагасы Ян Гамачек жана аталган өлкөнүн Премьер-министри Богуслав Соботка менен жолугушат.
Ал эми делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Бакытбек Жетигенов, Кубанычбек Жумалиев, Жунус уулу Адыл жана Бахадыр Сулеймановдор бар.