Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Жиу-житсу боюнча курама команда эл аралык рейтингдик турнирден төрт медаль жеңип келди. Мелдеш ушул жылдын 7-9-июль күндөрү Абу-Даби шаарында өткөн.
Кыргызстандык спортчулар алтын, күмүш жана коло медаль тагынышкан.
Алсак, чоңдор арасында Марлис Иманкулов алтын утса, Азат Иманкулов жана Жолдошбек уулу Айбек күмүш, Жеңишбек Мамбетов коло медаль тагынды.