“Жеткиликтүү турак жай” программасы боюнча 1,2 млрд сомго насыя бөлүндү – С.Жээнбеков

Өкмөт

Бишкек, 17-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүнкү күндө “Жеткиликтүү турак жай” программасы боюнча 1 млрд 200 млн сомго насыя бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда 1 миң 4 адам ипотека алышкан. “Бөлүнгөн насыялардын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түздү. Мындан тышкары, октябрдан тартып пайыздык коюмдар 12-14%дан 10% га чейин кыскарган. Бул жакшы натыйжа берип, “Жеткиликтүү турак жай” программасы боюнча насыя алууну каалагандар көбөйдү”, - деди премьер-министр.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы ипотекалык насыя берүүгө өкмөт тарабынан чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, анын айтымында, өкмөт, ипотека берүүдө бюджетке гана карабастан, кошумча каржы булактарын издеп жатат.