Жети-Өгүздө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө 9 жаштагы кызды эки адам зордуктаганы тууралуу арыз түшкөн.

Факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү адамдар кармалган. Алар ушул эле райондун 2005-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган О. А. аттуу тургундары болуп чыккан.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен кармалгандар 2 айга камакка алынып, тергөө абагына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

ИИМ жетекчилиги мындай фактылар көңүл сыртында калбай турганын жана күнөөлүүлөр КР мыйзамына ылайык катуу жазага тартыларын эскертет.