Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салынды.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 100 орунга ылайыкташтырылган бала бача республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 66 млн сомдон ашуун каражат сарпталат.
Тендерди "Саи энд трейд" ЖЧКсы утуп, куруу иштери башталды.