Бишкек, 01.07.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү көздөгөн"Ысык-Көлдү сактайлы" аталышындагы маалыматтык кампания болуп өттү.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында чыгарылган, президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ɵткɵрүлдү.
Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резервуар тутумуна киргизилип, дүйнөдөгү эң кооз 15 көлдүн катарына киргенин билдирди.
“Президентибиз Ысык-Көлдү коргоо боюнча Бирдиктүү программаны кабыл алды, узак убакытка чейин жүргүзүлүүчү системалуу иштер башталды. Эгерде мындай комплекстүү иш-чаралар жакынкы 5-7 жыл аралыгында толук иштей турган болсо, анда 10 жылдын ичинде Көлүбүз жакшырат”, - деди ал.
МинКаб Төрагасынын орун басары ошондой эле “жыл сайын адамзат 430 млн тонна пластмасса чыгарат. БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) “Агымды токтот” чакырыгы менен 2040-жылга чейин пластикти 80%га кыскартуу керектигин айтканын” кошумчалады.
“Керемет жерибиз болгон Ысык-Көлүбүз дүйнө эле суктана турган, туристтер агылып келе турган жерге айлансын десек, алгач өзүбүздөн баштайлы, желимден жасалган буюмдарды сатууга жана колдонууда намыска келүү идеологиясын жүргүзүүгө чакырам”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.
Бул иш-чара калкты жана туристтерди полиэтиленден жасалган буюмдардын калдыктарынын экологияга, айлана-чɵйрɵгɵ жана адамдардын саламаттыгына тийгизген заяны жөнүндө кабардар кылуу максатын кɵздɵйт.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдогон.