Жээнбеков Түркиянын Анкара шаарына келди

Президент

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда Түркия Республикасынын Анкара шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Анкарага Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Түркиянын Президентинин инаугурация аземине катышат.