• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Жээнбеков Пекиндеги “Элдик каармандар” монументине гүл чамбар койду

Президент 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн, 7-июнда Тяньанмень аянтында болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Элдик каармандар» монументине гүл чамбар коюп, Кытайдын курман болгон баатырларын эскерди.

Бул иш чаранын жүрүшүндө эки мамлекеттин гимндери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий