Жээнбеков менен Путин Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту

Президент

Бишкек,28.03.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, Россия лидеринин мамлекеттик визитин жыйынтыктап, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.

Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы салгылаштарда курман болгон баатырларды бир мүнөт үн катпай туруп эскеришти.