Жээнбеков маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушту

Коом

БИШКЕК, 12.08.17. /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков катышты.

Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан «Витязь» пансионатында өттү.

Өкмөт башчы маданият ишмерлерине чын ден соолук, күч-кайрат, бакубатчылыкты жана чыгармачыл жаңы ийгиликтерди каалады.

Пансионаттын абалы менен таанышкан Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга «Витязь» пансионатында маданият ишмерлеринин толук кандуу жана ыңгайлуу эс алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.