Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин кызматынан бошотту

Кадр саясаты

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон.

Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.