Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-саммитине катышат Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков менен Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманынын жолугушуусунда маалым болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.