Бишкек, 29.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кулубаев Жээнбек Молдоканович тышкы иштер министри болуп дайындалды жана буга чейин ага жүктөлгөн милдеттерден бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.