Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.