Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолукту

Саясат

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Бүгүн тшкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбоорун алдыга жылдыруу маселесин талкуулап, бул багыттагы прогресс боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда Кытай элчисин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун биргелешкен даярдоо тобунун коммерциялык тобунун жетекчиси Ма Чжэн жана делегациянын башка мүчөлөрү коштоп жүрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар долбоордун курулушун тез арада баштоого жигердүү көмөктөшүүнү макулдашты.