Жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков Ирандагы мелдеште алтын жана коло жеңди

Спорт

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Иранда өткөн эла арлык Имам Реза 1-Кубогунда ийгилик жаратты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелден 11-12-апрель күндөрү Али Бангбанбашинин элесине арналып өткөрүлгөн.

Спортчу 10 миң метр аралыкта 32:12.01 көрсөткүчү менен алтын медаль тагынса, 5 миң метр аралыкта 14:37.98 көрсөткүчү менен коло медалдын ээси болду.

Ошондой эле аталган мелдешке Мусулман Жоломанов, Тимур Исаков, Суймонкул Расул уулу, Жусуп Сулайман уулу катышты.

Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаедин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.