Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрында, Жогорку сотто башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов КР Жогорку сотунун Жазык жана жоруктар иштери боюнча соттук коллегиясына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстердин нускаларын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап жаңы Баш мыйзамга ылайык, сот өндүрүшүнө байланыштуу бир катар мыйзамдар менен бирге эле жаңы кодекстер колдонууга кирди.
Башкы прокуратура Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго 400 нускада кодекстерди тапшырды.