Жаз майрамына арналган салбуурун боюнча мелдештин жыйынтыктары чыкты

Спорт

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча финалдык беттештер өттү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спор агенттигинен билдиришкендей, мелдештерге Баткенден тышкары 6 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 125 катышуучу катышып жатат.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

Тайган жарыш:

1-орун – Изабеков Алтынбек, Жалал Абад облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Сооронбаев Талгат, Талас облусу, байге – 4 500 сом;

3-орун – Облусбеков Арсланбек, Талас облусу, байге – 3 500 сом.

Куш салуу:

1-орун – Кубатов Абдурасул, Ош облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Тынчтык уулу Абдулла, Талас облусу, байге – 4 500 сом;

3-орун – Турат уулу Алтай, Талас облусу, байге – 3 500 сом.

Бүркүт салуу:

1-орун – Мукаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Айбек уулу Азамат, Ысык-Көл облусу, байге – 4 500 сом;

3-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу, байге – 3 500 сом.

Ителгиге далба ойнотуу:

1-орун – Жекшенби уулу Арзыбек, Ысык-Көл облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Абдыкадыров Түгөлбай, Ысык-Көл облусу, байге –4 500 сом;

3-орун – Жумалиев Уран, Ысык-Көл облусу, байге – 3 500 сом.

Жаа атуу:

Эркектер арасында:

1-орун – Мурадил уулу Ынтымак, Талас облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Ногойбаев Рустам, Бишкек шаары, байге – 4 500 сом;

3-орун – Бакыт Токтоматов, город Бишкек, байге – 3 500 сом.

Аялдар арасында:

1-орун – Садырова Асел, Бишкек шаары, байге – 6 000 сом;

2-орун – Загорулько Оксана, Бишкек шаары, байге – 4 500 сом;

3-орун – Торогельдиева Седеп, Чүй облусу, байге – 3 500 сом.

Ат үстүндө жаа атуу:

1-орун – Көлбаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу, байге – 7 000 сом;

2-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу, байге – 5 000 сом;

3-орун – Шейшенбаев Бактыбек, Ысык-Көл облусу, байге – 4 000 сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.