"Жашыл мурас". Фрунзе токой чарбасынын аймагына 2,5 миң түп мисте көчөтү отургузулду

Коом

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Фрунзе токой чарбасынын 5 гектар аянтына 2 миң 500 түп мисте көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Көчөт отургузуу иш-чарасына "Дос-Кредобанк" банкынын 100 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынан 20 кызматкери, Токой кызматынан 30 кызматкер жана Фрунзе токой чарбасынан 20 кызматкер катышты.

Көчөттөр “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында тигилген.