• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жаш шахматчы Султай Чыңгыз Шри-Ланкада өткөн мелдеште коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 06.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык жаш спортчу Султай Чыңгыз Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча чемпионатта коло медаль тагынды. Бул тууралуу КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.

Чемпионат Шри-Ланкада 4-11-сентябрга чейин өткөрүлөт.

5-сентябрда рапид боюнча 7 турдан турган мелдеш аяктап, жыйынтыгында Султан Чыңгыз 5 упай менен 3-орунду ээлеп, коло байге утту.

Рапид боюнча алтын медалды Шри-Ланкалык шахматчы багындырса, күмүш медаль Бангладештен келген спортчуга ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий