"Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент

Бишкек,19.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Жарнама жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык оккультизм-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды көрсөтүүчү жактарды жарнамалоого жол берилбейт.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты жарандардын аң-сезимин кандайдыр бир оккульттук, сыйкырдуу жана башка анык эмес ыкмалар менен кызмат көрсөтүү жаатында өз пайдасын алуу үчүн тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кызмат көрсөтүүнү болтурбоого багытталган.