Жардамга муктаж болгон 240 үй бүлөгө 600 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Коом

Бишкек, 28.10.17./Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасындагы муктаж 240 үй бүлөнүн ар бирине 1150 сомдук күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жардамы таратылып, айрым турмуш-шарты оор үй бүлөлөргө акчалай да жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1 топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардамдар үйлөрүнө жеткирилди. Кайрымдуулук иш чарасы менен казыттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков жана Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов жеринен таанышып, уюштуручууларга ыраазычылык билдиришти.