Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорундагы сел жүргөн айылдар менен жеринен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугуп, селдин кесепетинен жабыркаган жайларды калыбына келтирүүгө аракеттер жүрүп жатканын билдирди.
Кара-Кулжа районунда 200гө жакын үйгө суу кирип, 6 айылды бириктирген көпүрө кулап, бир нече гектар эгин талаасын суу ташкыны каптаган. Сары-Булак айлынын Таштак участкасынын 200гө жакын тургуну коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүлгөн.
Өзгөн районунун Мырза-Аке, Ак Жар, Зергер айыл өкмөттөрдө короо-жайларына сел суулар кирген. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө 32 турак үйдүн, Зергер айыл өкмөтүндө 10 турак үйдүн ичине кирген жана 5 турак үйдүн короосун суу каптаган. Чечебай айылында 4 турак үйдүн короолоруна суу кирген, Кандава айылында 5 турак үйдүн короолорун суу баскан жана Таш-Башат айылында 2 үйдүн короо сарайларына жана турак үйлөрүнө суу кирген.
Алай районунун Бүлөлү айыл аймагындагы Көл-Чаты айылына барчу ички чарбалык жолду сел суулар жеп кеткен жана айыл мечитинин короосуна суу кирген.
Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылынын 800 метр ички чарбалык жолдоруна сел калдыктарын чыгарган, жана Катта-Талдык айыл аймагына караштуу 11 турак үйлөрдүн короолоруна, анын ичинде 2 турак үйдүн жер төлөсүнө, Папан айыл аймагына караштуу 2 турак үйдүн короосуна, анын ичинде 1 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулар кирген.
Азыркы учурда ѲКМ тарабынан селдин кесепетин жоюу жана тазалоо иштери, селден жабыркаган турак жайларды аныктоо жана келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо жумуштары жүргүзүлүүдө.