Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бүгүн Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.
Телекөпүрө форматында өткөн иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин катышты.
Өз сөзүндө Жапаров Путинге бүгүнкү иш-чарага жеке өзү катышып жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Жапаров алтын кен комбинатынын биргелешип ачылып жатканы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тыгыз өнөктөштүктү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелерди күбөлөп тургандыгын белгиледи.