• 87.45
  • 97.93
  • 1.09

Жамиля Исаева өз тармагында ийгилик жараткан кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз тармагында ийгилик жараткан кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Парламенттен билдиришкендей, Жамиля Исаева билим берүү, саламаттыкты сактоо, илим, маданият, сот, спорт жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, ошондой эле коомдук ишмерлерге үзүрлүү жана көп жылдык эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын, “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

Төраганын орун басары чакырылгандарды алган сыйлыктары жана келе жаткан жаңы 2025-жылы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан ар бириңиздерге көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиздер, активдүү коомдук ишмердүүлүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Баарыңыздар мамлекеттин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келе жатасыздар. Биздин жалпы максатыбыз – өнүккөн өлкөнү куруу. Биргелешкен аракеттер менен биз алдыга койгон бардык максаттарыбызга жетише алабыз деп ишенем", - деди Исаева.

Пикир

Оставить комментарий