Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 13-майда кол койду.

Буга чейин Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.