Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 17-18-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.
Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан 130 балбан катышууда. Күрөштүн алгачкы күнүндө 5 салмак категориясы (55 кг, 63 кг, 72 кг, 82 кг, 97 кг) боюнча спортчулар килем үстүнө чыгышты.
Таймаш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.