“Жалалабатэлектр”: Акыркы 6 айда Жалал-Абад шаарында 150 жыгач мамыча алмаштырылды

Аймак

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Жалал-Абад шаарында 150 даана жарактуу мөөнөтү бүткөн жыгач мамычалар алмаштырылды. Бул тууралуу “Жалалабатэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкана 2020-2021-жылдын күз-кыш айларына карата ар тараптуу даярдыктарды көрүүдө. Трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, майлары ашмаштырылууда.

Андан сырткары, изоляторлор жаңыланып, аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо жумуштарын жүргүзүлүп, ошондой эле Спутник кичи шаарчасындагы Жеңи-Жок көчөсүндөгү 1968-жылы курулган, жыгачтары чириген абалга жеткен 16 даана мамыча, 10 кВ чыңалуудагы жаңы бетон мамычаларга алмаштырылды.

Бүгүнкү күндө ошондой эле, Кайрагач айылындагы Железнодорожная, Пограничная көчөлөрүндө эскирген электр мамычалар алмаштырылып жатат.