Жалал-Абаддын мэри шаардагы бала бакчалардын курулушунан кабар алды

Аймак

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы бала бакчалардын курулушунан кабар алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Төш-Кутчу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу, Некрасов көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан эки кабаттуу, 150 орундуу бала бакчанын жана экинчи мектептин спорт залынын курулуш иштеринен кабар алды.

Калаа башчысы курулуштарды сапаттуу жасап, белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.