Бишкек, 16.05.24./Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Жалал-Абаддын "Мурас-Юнайтед" командасы, Бишкектин "Илбирс" командасы менен беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 3-1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган стадион толугу менен жаңыланып, күн мурун, 15-майда пайдаланууга берилип, алгачкы футболдук беттеш өткөрүлдү.
Футболдук беттешке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана миңдеген футбол күйөрмандары келди.