Бишкек, 06.07.21./Кабар/. Жалал-Абадда жаштар COVID-19га каршы флешмоб өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Маалыматка ылайык, флешмоб өкүлчүлүк тарабынан уюштурулган.
Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган жаштардын тобу Жалал-Абад шаарындагы негизги көчөлөрдү, борбордук базар жана эл көп чогулган жайларда илдеттин жайылуусун токтотуу максатындагы түшүндүрүү иштерин алып барышты.
Тургундарга беткап тагынуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертилип, маалыматтык баракчалар таратылды.