Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Акташ айылында тоодон кокустуктан кулап түшүп, бутунан жана башынан жаракат алган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жабыркаган жаран ӨКМге караштуу Авиациялык издеп-куткаруу кызматы тарабынан тик учак менен куткарылды.
Аталган жаранды учкучтар Акташ айылынан Бишкек шаарына тик учак менен алып келип, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Учурда жаракат алган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.