• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жалал-Абадда тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 7-9-октябрь күндөрү тогуз коргоол оюну боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрдин кубогу коюлган оюн күн мурун жыйынтыкталды.

Мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын жана Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын аймагынан келген 18 команда катышты. Арасында Өзбекстандан келген студент катышуучулар да бар.

Спорттук иш-чаранын сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, жеңүүчүлөргө мэрдин кубогун, акчалай сыйлыктарды, диплом жана медалдарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий