Жалал-Абадда эртең бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт

Аймак

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эртең бир катар маршруткалар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орозо айынын урматына эртең, 24-мартта шаардын №101, 104, 103,105, 109, 110 маршруттук каттамдарында бирден кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, акысыз каттам жүргүзө турган кичи автобустарга "Орозоңуз кабыл болсун. Орозо айынын урматына жол акы алынбайт” деген жазуу илинген.