Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Жалал-Абадда оорукана менен спорт-интернаттын курулушунун сапаты текшерилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрдин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Миргүл Эгемова, шаар депутаттары, тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен курулган облустук оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынан жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Жалал-Абад облусундагы олимпиадалык резервдеги республикалык коледжинин” имаратын кароодон өткөрүштү.
Анда комиссия мүчөлөрү тарабынан айрым кемчиликтери курулушту ишке ашырган компаниянын өкүлдөрүнө жана тийиштүү жетекчилерге айтылган кемчиликтерди жоюу тапшырмасын беришти.