Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мергенчилердин куралдары текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-январында өтүүчү президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү багытында Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
Сузак райондук жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мергенчиликти сүйүүчүлөр жана куралы бар каттоодо турган атуулдар текшерүүгө алынууда. Милиция кызматкерлери курал-жарактардын сакталуу жайларына, алардын тиешелүү документ иштерине көзөмөл кылып жатышат.
Ошондой эле эл арасында мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Чаткал райондук милициясы тарабынан шайлоого байланыштуу добуш берүү тилкелериндеги коопсуздук эрежелери текшерилди. Район аймагындагы Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар жана Айгыржал участкаларынын коопсуздугу көзөмөлгө алынып, шайлоо участогундагы кызматкерлер менен маектешүүлөр орун алды.
Добуш берүү учурундагы тынчтыкты сактоо жана ар кандай чагымчыл чакырыктардын алдын алуу маселеси талкууланды.