Жалал-Абад шаарында "Манастын жети дубаны" аттуу концерт өттү

Маданият

Бишкек, 06.05.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетовдун демилгеси менен уюштурулган "Манастын жети дубаны" атту концерти өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара 5-май Конституциянын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп, "Манас" театрынын чыгармачыл жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концертте Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, акындардын айтышы, жандуу ырлар жаңырды.

Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, баш мыйзамдын кабыл алынгандыгын 30 жылдыгы менен куттуктады. Өкүл кылымдар бою мамлекеттин калыптануусунда улуттук өнөр дүйнөсүнүн орду чоң экенин белгилеп, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирди.