Жалал-Абадда май куюучу жайды тоногон жаран колго түштү, ал Казакстанга кетүүгө аратке кылган

Аймак

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. 2017-жылдын 19-сентябрында «Чалдовар-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арачылар издөөдө жүргөн кылмышкер Кыргызстандын жаранын колго түшүрүшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Бишкек-Тараз” каттамы менен бара жаткан автобустун жүргүнчүлөрүн текшерүү учурунда Ош облусунун 25 жаштагы А.К., аттуу жараны кармалган. Ал 2017-жылдын 16-сентябрында Жалал-Абад облусундагы май куючу жайдын кассасына уурулукка кирген. Шектүү Кыргызстандан Казакстанга андан ары Россияга чыгып кетүүгө аракет кылган.

Бардык керектүү документтер чогултулуп, кармалган жаран КР ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.