Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы коомдук транспорттордо санитардык-эпидемилогиялык эрежелердин сакталышы текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө эрежени сактабагандарга тийиштүү адистер тарабынан эскертүүлөр берилди.
Мындай текшерүүлөр алдыда коомдук тамактануучу жайларда, соода жайларында жана өнөр жай ишканаларында улантылат.