Жалал-Абадда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында диний экстремизм жана терроризм, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, милиция кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери жана шаар тургундары катышты.

Жыйында милиция кызматкерлери тарабынан диний экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берилип, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча талкуу жүрдү.