Ош, 21.12.18. /Кабар/. Социалдык түйүндөрдө дарыгер дене табы көтөрүлгөн баланы кабыл алуудан баш тартып, энесин кайырчы деп атаган видео жарыяланган.
Айрым маалыматтарга караганда бул окуя Жалал-Абад шаарында болгон. Баланын дене табы 38 градус болуп, ата-энеси баланы балдар ооруканасына алып келишкен.
Видеодо дарыгер оорулуу баланы такыр кабыл алуудан баш тартып, аларды башка жакка баргыла дегендигин көрүүгө болот. Бирок чыр эмнеден улам келип чыккандыгын айтылган эмес.