Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Жалал-Абадда дайынсыз болгон жаранды издөө иштери эртең уланат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 14-январда кайрадан улантылат.
Бүгүн издөөгө жалпы 73 адам тартылып, натыйжа болгон жок.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрынан бери Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий