Жалал-Абадда дүйнө чемпионун салтанаттуу тосуп алышты

Спорт

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Венгрияда өткөн жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медалга ээ болгон Нуристам Сүйөркуловду бүгүн Жалал-Абаддын кире бериш аркасынан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Спортчуну салтанаттуу тосуп алууга КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Сузак районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаш спортчулар жана жакындары катышты.

Мындагылар Кыргызстандын намысын коргогон дүйнө чемпионунун жетишкен ийгилиги менен куттукташты.