Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен окуяларынын аяктаганынын 21 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова жана Баткен согушунун ардагерлери, апаатта курман болгондордун жакындары катышты.
Алгач, “Жеңиш” паркында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондор эскерилип, алардын эстелигине гүл коюлду.
Белгилей кетсек, Баткен согушуна Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, алардын 12си баатырларча курман болгон. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын акча каражаты тапшырылып келет. Быйыл да шаар казынасынан 84 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.