Жалал-Абадда аз камсыз болгон жана ата-энесинен ажыраган балдарга эс алуу уюштурулду

Коом

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон жана ата-энесинен ажыраган балдарга эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон балдарга, жарым жана томолой жетим балдарга жагымдуу маанай, жайкы көңүлдүү эс алуу тартуулоо максатында "Дельта" бассейни 50 баланы акысыз эс алдырды.