Жалал-Абадда Аскер деңиз флотунун ардагерлерине арналып эстелик тургузулду

Аймак

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" паркында Аскер деңиз флотунун ардагерлерине арналган эстелик тургузулуп, күн мурун, 9-ноябрда ачылуу аземи болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.

Кубанычбек Иманалиев Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн ардагерлерди куттуктап, аталган эстеликти тургузууга салым кошкон бир катар инсандарга мэриянын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.