Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 49 жаштагы эркек киши короосунда асынып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, Базар-Коргон айылынын А.Кахаров көчөсүндө жайгашкан №15 турак үйдүн короосундагы жаңгак бакка 49 жаштагы эркек киши асынып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат "102" кызматына түшкөн.
Жерине барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.